Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-майы № 3/2
ОсОО “Тегене” ЖЧКсынын аткаруучу директору А.Сапарбаевдин кайрылуусу жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги XIV -сессиясынын күн тартибиндеги 3/2 маселеси ОсОО “Тегене” ЖЧКсынын аткаруучу директору А.Сапарбаевдин кайрылуусу жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер жана муниципалдык менчикти башкаруу адиси Ы.Молорбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги XIV -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Тегене” ЖЧКсынын жетекчилиги жергиликтүү тургундардын суроо-талаптарына көңүл буруу жагы милдеттендирилсин.
2. “Тегене” ЖЧКасынын бүгүнкү күнгө чейин айыл өкмөтүнө төлөнүүчү салыктарды өз убагында төгүп, соц.пакеттер боюнча бир топ алгылыктуу иштерди жасагандыгы эске алынып, аткаруучу директору А.Сапарбаевдин жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
3. “Тегене” ЖЧКасынынКыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин 2033-жылдын акырына чейин №2516 СУ (4517СЕ) лицензиясына негиз мурунку 49 га,жаңы 84 га жалпысы 133 га жер аянтына келишим түзүүгө макулдук берилсин .
Төрага | Т. Батыралиев |