Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-майы № 3/7
Жергиликтүү Кеңешти юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VII -чакырылышынын XIV – кезектеги сессиясынын күн тартибиндеги 3/7- маселеси болгон Жергиликтүү Кеңешти юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө айылдык Кеңештин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо. Депутаттык этика, мандат,регламент ,жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жарандардын укугун , кызыкчылыгын коргоо, маалымдоо каражаттары маселелери боюнчатуруктуу комиссиянын сунушун карап , Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-февралындагы “Юридикалык жактарды , филиалдарды мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндөгү” №37 –мыйзамынын 11-беренесине ылайык Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VII -чакырылышынын кезектеги XIV - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жол айылдык Кеңеши юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон кайрадан өткөрүлсүн.
2. Ак-Жол айылдык Кеңештин фирмалык аталышы мамлекеттик тилде “Ак-Жол айыл аймагынын Ак-Жол айылдык Кеңеши” мекемеси.
Расмий тилде: “Учреждение Ак-Жолский айылный Кенеш Ак-Жолского айылного аймака” .
3. Мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө кеткен чыгымды каржылоо айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жол айылдык Кеңештин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо. Депутаттык этика, мандат,регламент ,жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жарандардын укугун , кызыкчылыгын коргоо, маалымдоо каражаттары маселелери боюнчатуруктуу комиссиясына жүктөлсүн .
5. Юридикалык дареги Кыргыз Республикасы Жалал-Абад областы Аксы районундагы Ак-Жол айылы Б.Өмүрбкова көчөсү №35 .
6. Юридикалык жакты түзүү жөнүндө уюштуруучунун ( уюштуруучулардын) чечиминде андагы көрсөтүгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапышырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты түзүү маселелери тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Төрага | Т. Батыралиев |