Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-марты № 24/6
Жайыт пайдалануучулар бирикмесине каралган Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндөгү” Мыйзамынын 8-беренесинин негизинде ошондой эле 4-беренесине ылайык жайыт жерлеринин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында Кенеш, Пор айылдарында өткөрүлгөн элдик жыйындардын протоколдорунда көрсөтүлгөн жана 2019-жылга жайыт пайдалануучулардын мал жандыктары үчүн жайыт пайдалануу тарифтерин бекитүү жөнүндөгү токтомун угуп жана талкуулап депутаттардын Кеңеш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинде жана элдик жыйынында айтылган сунуштардын негизинде 2019-жыл үчүн жайыт пайдалануу үчүн акы төлөөнун өлчөмдөрү төмөндөгүдөй белгиленсин;
-Ири мүйүздүү 1 баш үчүн 50 сом
-кой-эчкилери 1баш үчүн 20 сом
-Жылкылар 1баш үчүн 50 сом
2. Пада баккан падачы кимден алгандыгы жөнүндө фамилиясын,атын, кой же уйун багып жаткандыгы тууралуу так маалымат беришсин. Падачы берген тизменин негизинде кивитанция жазып берүү жагы ЖПБ төрагасына милдеттендирилсин.
3. Жайыт жерди тосуп, Госактыга түшүрүп алгандар аренда катары пайдалангандар жайыт салыгын төлөө жагы каралсын (Мал башына байланган наркта ).
4. Жайыт комитети менен өз ара элдин койун баккан падачы келишим түзсүн, жайыт салыгын өндүрүп берүү жагы кой, мал баккан падаычыга милдеттендирилсин.
5. Кенеш айыл өкмөтү пайдалануу үчүн жайыт салыгын жыйноо жана келип түшкөн каражаттарды жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджетине багытоо милдетти жүктөлсүн.
6. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасынын бир айына 1500 мин сом иниспекторлорго 1000 мин сом өлчөмүндө эмгек акы бекитилсин.
7. Кенеш айыл өкмөтүнүн жайыт жерлеринин жалпы аянтты 2485га пайдаланган жер аянты 1323 га жер салыгы 1 га жер аянтына 5 сом 30 тыйындан бекитилсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Капаровага милдеттендирилсин.
Төрага | М. Пусурманкулов |
“Б е к и т е м и н”
Кенеш айылдык Кенештин төрагасы
___________ М.Пусурманкулов
Ош областынын Кара-Кулжа районунун Кенеш айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылга киреше жана чыгаша
С М Е Т А С Ы
Малдын туру | Малдын саны | Жайыт пайдалануу үчүн 1 мал башына чегерилген төлөм сом | Жайыт пайдалануу үчүн топтом сом |
Ийри муйүздүү мал | 556 | 50 | 27800 |
Майда жандык | 1100 | 20 | 22000 |
Жылкы | 200 | 50 | 10000 |
Жалпысы: |
|
| 59800 |
Эскертүү : Кыйыр салыктар эске алынбай түзүлгөн чыгаша бюджети.
Көрсөткүчтөрдүн аталышы | статья | Баары 2019-жыл үчүн | Кварталдар боюнча бөлүштүрүлүшү
| |||
I | II | III | IV | |||
Айлык акы | 21111100 | 25 000 |
| 8000 | 8000 | 9000 |
Ишканадан камсыздандыруу учун төлөмдөр 17,25% | 12120100 | 10 000 |
|
|
|
|
Командировка чыгымдары | 22111200 | 4000 |
| 1000 | 2000 | 1000 |
Жабдыктарды алууга | 22155300 | 3000 |
| 1000 | 1000 | 1000 |
Бөлөк чыгымдар | 22155900 |
|
|
|
|
|
Бөлөк кызматтар үчүн чыгымдар | 22156900 | 5000 |
| 2000 | 2000 | 1000 |
Жайыттарга баруучу жолдорду оңдоого |
| 5788 |
| 1000 | 2000 | 2788 |
Кичи долбоорлор 3,75% |
|
|
|
|
|
|
Жайыт жери үчун салык |
| 7012 |
|
| 7012 |
|
Бардык чыгым |
| 59800 |
| 16600 | 25612 | 17588 |
Мыйзамдын 9-статьясы боюнча.
Жайыттын жалпы аянты | 1 га жайыт жер салыгы | Төлөмдөрдүн жалпы сумма |
1323 | 5-50 | 7264 |
|
|
|
Кеңеш Ж.П.Б.төрагасы Т.Рысбеков