Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-майы № 158/28-7
Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2018-2019-окуу жылында аткарган иштери жөнүндө маалыматы
Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Б.Мырзалиеванын 2018-2019-окуу жылында аткарган иштери жөнүндө маалыматын жана шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.С.Джуробаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXVIII сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Шаардык билим берүү бөлүмүндө бүгүнкү күндө 1 мектеп-гимназиясы, 1 инновациялык, 4 орто мектеп, 2 башталгыч мектеби бар. 2018-2019-окуу жылында 188 класс-комплекте 5085 окуучу билим алган. Мектепке чейинки 3 мекеме бар “Келечек” балдар бакчасында 7 тайпа-235 бала, “Байчечекей” бала бакчасында 3 тайпа-86 бала, “Баластан” балдар бакчасында 10 тайпа 316 бала жалпы 637 бала тарбияланууда. Балдар чыгармачылык үйүндө 17 ийриминде 804 окуучу, балдар өспүрүмдөр спорт мектебинде 25 спорттук секцияда 423 мектеп окуучулары тарбияланган.
Шаардык билим берүү бөлүмүнүн карамагындагы билим берүү мекемелеринде, бүгүнкү күндө 365 мугалим эмгектенүүдө. Анын ичинен жогорку билимдүүсү -274, бүтпөгөн жогорку -16, атайын орто-61, орто билимдүүсү-4. Билим берүүнүн отличниги төш белгисинин ээси 69 мугалим.
Шаардык билим берүү бөлүмүнөн квалификациясын жогорулатуу курсуна 44 мугалим жана тарбиячы барып окуп келген.
Окуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептерде 94%ыз, ал эми окуу орус тилинде жүргүзүлгөн 92%ыз китеп менен камсыз болгон. Окуу китептеринин 70%ызы 2000-2007-жылдары чыгарылган. Башталгыч орус класстарында орус тили жана адабияты, математика, мекен таануу, кыргыз тили жана адабияты, англис тили, 6-класстар үчүн орус тили окуу китептери жетишпейт.
Окуучулар арасында өтүүчү 2018-2019-жылдагы областтык олимпиядага 22 мектеп окуучулары катышып, жыйынтыгында 1 окуучу байгелүү орунду ээлеген.
Балдар өспүрүмдөр спорт мектебинин жаш тарбиялануучулары эркин күрөш, тогуз коргоол, футбол, волейбол, баскетбол, бокс боюнча шаар аралык, областык деңгээлдеги спорттук иш чараларга катышып, 1-2-3-орундарга жетишкен. Окуучулар арасындагы волейбол, баскетбол командалары жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүп, ийгиликтерге жетишип жатат.
Кара-Көл шаардык БББү усулдук иш-чараларды Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан чыгарылган буйруктардын негизинде алып барат. Улуу жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдык юбилейине карата “Кыргызымдын сыймыгы, адамзаттын Чыңгызы”, “Адамга эң кыйын- күн сайын адам болуу”, - деген темаларда иш-чаралар өткөрүлгөн.
2018-2019-окуу жылында шаардык БББнүн мектеп окуучуларынын арасында суициддин, укук бузуучулуктун жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча ведомстволор арасында биргелешкен иш-чараларды күчөтүү жөнүндө 2018-жылдын 27-сентябрында №5 буйругу чыккан. Буйруктун негизинде бир топ иш чаралар өткөрүлгөн, “Коопсуз мектеп”, “Өспүрүм операциясы “, “Ата-эне мигрант жана опекундагы балдарга рейд жүргүзүү жөнүндө”. 2018-2019-жылдагы окуу жылында ИДНдин учетунда 4 мектеп окуучусу катталган. “Коопсуз мектеп” программасы мектептерде иштеп жатат, бул программанын алкагында шаар жана укук коргоо органдарынын жетекчилери бардык мектептерде окуучулар жана алардын ата-энелери менен жолугушууларды өткөрүп турушат.
Шаардык кеңештин 2018-жылдын 10-октябрында кабыл алынган №98/21-7 сандуу токтомунун 2-3-пункттарында милдеттендирилген талаптар аткарылды. 2018-жылдын декабрь айынан баштап ШБББнүн мугалимдерине эмгек акы төлөөдө ар бир мугалимге жана кызматкерге тийиштүү мезгил үчүн берилүүчү эмгек акынын курамдык бөлүктөрү, андан кармап калуулардын өлчөмдөрү жана негиздери, алууга берилүүчү акчалай сумма жөнүндө эсептешүү барагын (расчетка) берилип жатат.
Шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу “Келечек”, “Баластан”, “Байчечекей” бала бакчаларынын атайын каражаттары боюнча жылдын жыйынтыгы менен планга чыккан жана азыркы учурда план аткарылууда.
Жогорудагы белгиленгендердин негизинде шаардык кеңештин кезектеги XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2018-2019-окуу жылдарында аткарган иштери жөнүндө шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Б.Мырзалиеванын маалыматы жана шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.С.Джуробаевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Шаардык билим берүү бөлүмүнө :
окуучулардын билим сапатын жогорулатууда иштерди күчөтүү;
шаардын мектептеринде жетишпеген кадрларды камсыз кылуу жаатында ишти жандандырып, зарыл болгон учурда чакырылган кадрларды үй менен камсыз кылуу маселесин шаардык мэрия менен биргеликте чечүү;
окуучулардын мектептен кийинки убактыларын туура пайдалануу боюнча ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү ;
орто мектептердеги жана бала бакчалардагы тазалыкты сактоо милдеттендирилсин.
3. Кара-Көл шаардык мэриясына (И.М.Еркеев), шаардык ММБна (Э.Э.Бабаканов) билим берүү мектептеринде жана бала бакчаларда оңдоп түзөөгө муктаж болгон жумуштарды муниципалдык менчик башкармалыгынын өздүк күчү менен жасоо милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (Г.О.Сатарова), ММБна (Э.Э.Бабаканов), ШБББнө (А.Б.Мырзалиева), көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.С.Джуробаев) жүктөлсүн.
Төрага | Б. Н. Кыргызалиев |