Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-майы №159/28-7
Кара-Көл шаардык Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн 2018-жылда аткарган иштери жөнүндө
Кара-Көл шаардык Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Д.М. Алымбаевдин Кара-Көл шаардык Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн 2018-жылда аткарган иштери жөнүндө маалыматын, шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.С.Джуробаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXVIII сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Кара-Көл шаардык Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмү 2018-жылы календардык планга ылайык шаардык, областтык , республикалык, эл аралык, Азиялык спорттук иш- чараларга катышкан.
Шаарыбыздын аймагында дене тарбия жана спортту өнүктүрүү, дени сак жашоону пропагандалоо максатында 2018-жыл ичинде бекитилген календарлык планга ылайык, спорттук иш чаралар өткөрүлгөн. Шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмү тарабынан 2018-жылга түзүлгөн календарлык иш планга жергиликтүү бюджеттен 1 585,0миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Шаардын спортчулары шаар аралык 6(алты), шаар ичинде 10(он), областтык 4(төрт), эл аралык 10(он), республикалык 10(он), Азия оюндары 2(эки) жалпы 42 оюнга катышкан жана ийгиликтерге жетишип 55 алтын, 45 күмүш, 60 коло медал менен сыйланышкан. Шаарыбызда заманбап машыгуучу залдын жетишсиздиги белгиленген.
Жогорудагылардын негизинде Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Д.М. Алымбаевдин Кара-Көл шаардык Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн 2018-жылда аткарган иштери жөнүндө маалыматы, шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.С.Джуробаевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Кара-Көл шаардык Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмү (Д.М.Алымбаев) спорттун бардык тармактарын өнүктүрүү боюнча иш-аракеттерди күчөтсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Көл шаардык Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнө (Д.М.Алымбаев), ал эми көзөмөлдөө шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.С.Джуробаев) жүктөлсүн.
Төрага | Б. Н. Кыргызалиев |