Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-майы №160/28-7
Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн коомдук тартипти сактоо, тартип бузуучулукту, кылмыштуулукту болтурбоо боюнча балдар жана жаштар арасында 2018-жыл ичинде аткарылган иш-чаралары жөнүндө
Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы милициянын подполковниги Н.М.Иманбековдун шаардык ички иштер бөлүмүнүн коомдук тартипти сактоо, тартип бузуучулукту, кылмыштуулукту болтурбоо боюнча балдар жана жаштар арасында 2018-жыл ичинде аткарылган иш-чаралары жөнүндө маалыматын, шаардык кеңештин мандат, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги ХХVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы милициянын подполковниги Н.М.Иманбековдун шаардык ички иштер бөлүмүнүн коомдук тартипти сактоо, тартип бузуучулукту, кылмыштуулукту болтурбоо боюнча балдар жана жаштар арасында 2018-жыл ичинде аткарылган иш-чаралары жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмү, шаардык билим берүү бөлүмү, шаардын социалдык маселелер боюнча вице-мэри тартип коомдук тартипти сактоо, тартип бузуучулукту, кылмыштуулукту болтурбоо боюнча балдар жана жаштар арасында жүргүзүлүүчү иштерди күчөтсүн.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардын вице-мэрине (Г.О.Сатарова), шаардык ички иштер бөлүмүнө (Н.М.Иманбеков), аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (У.С.Эшенкулов) жүктөлсүн.
Төрага | Б. Н. Кыргызалиев |