Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-июну № 19-3
“Асал эне” балдар бакчасына ата-энелердин суроо-талаптарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 2-бөлүмүнүн 10-беренесинин 7-пунктуна, 3-бөлүмүнүн 18-беренесинин 20-пунктуна жана 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 1-пунктуна таянып Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Асал эне” балдар бакчасына кошумча тайпа ачууга уруксат берилсин.
2. Керектүү иш-кагаздарын даярдап, билим берүү бөлүмүнө тапшыруу жагы балдар бакчасынын башчысы Абдыкаар кызы Гүлшайырга жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык, маданий, билим берүү жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Матисаковко тапшырылсын.
Төрага | Абдибает уулу М |