Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-декабры №1
Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2018-жылдагы киреше-чыгаша бөлүгүнө Финансы Министрлиги тарабынан берилген максаттуу трансферди мамлекеттик сатып алуу планына киргизүү жөнүндө
Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2018-жылдагы киреше-чыгаша бөлүгүнө Финансы Министрлиги тарабынан максаттуу каржылоону мамлекеттик сатып алуу планына киргизүү боюнча айыл өкмөттүн сунушун, Чаек айылдык Кеңешинин депутатарынын кезектеги сессиясы угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2018-жылдагы киреше-чыгаша бөлүгүнө Финансы Министрлиги тарабынан максаттуу каржылоого бөлүнгөн 800,0 миң сом мамлекеттик сатып алуу планына төмөндөгүдөй бөлүнсүн:
-мектептердин электр энергия чыгымдары (2231) беренесине 360,0 миң сом;
- мектептердин таза сууга төлөө боюнча (2231) беренесине 40,0 миң сом;
-мектептерди жылытууга көмүр-отун сатып алуу беренесине 400,0 миң сом
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.Токтоналиевге жүктөлсүн.
Төрага | З. Бозбалаев |