Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-декабры №2
Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунушун, Чаек айылдык Кеңешинин депутатарынын кезектеги сессиясы угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык өкмөттүн ишмердүүлүгүнө шарт түзүү максатында, АУПтун сатып алуулар боюнча (2222) беренесинен 24,0 миң сом, АУПтун иш сапар беренесине (2211) беренесине жылдырылсын.
2. Авган согушунун 30-жылдыгына карата Чаек айылында жашаган афган согушуна катышкан ардагерлерге орден жасатууга Чаек айыл өкмөтүнүн атайын эсебиндеги каражаттын эсебиндеги ар кандай чыгымдар (2215) беренесиндеги үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен 4800 сом жумшалсын .
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.Токтоналиевага жүктөлсүн.
Төрага | З. Бозбалаев |