Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-январы № 2
Чаек айыл аймагынын айылдык Кенешинин III-сессиясынын № 2 Токтомунун негизинде түзүлгөн убактылуу комиссиянын жыйынтыгынын корутундусуна ылайык Чаек айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутаттарынын сессиясы угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү Швецария +кмөтү каржылаган “Элдин үнү жана Ж+Б органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун чакан гранттар программасынан утуп алган “Амкадор-70ЕА үлгүсүндөгү экскватор фронтальный жүктөгүч трактору бир жылдын ичинде бузулса ондоо кепилдиги Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын м.а А.Токтоналиевага жана Жумгал районунун дене-тарбия жана спорт боюнча инструктору Р.Абышевке милдеттендирилсин.
2. Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын м.а А.Токтоналиевага кызматтык чара көрүү жагы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жана Жумгал районунун дене-тарбия жана спорт боюнча инструктору Р.Абышевке кызматтык чара көрүү жагы Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Ушул токтом Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттодон өткөрүлүп, chaek-aimak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | З. Бозбалаев |