Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-январы №1
Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин аткарылышы, 2019-жылдын бюджетин жана 2020-2021-жылдарга бюджеттин божомолун бекитүү жөнүндө
Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин аткарылышы, 2019-жылдын бюджетин жана 2020-2021-жылдарга бюджеттин божомолун бекитүү боюнча, Чаек айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезектеги сессиясы угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин жалпы кирешесинин 17529,3 миң сомго, чыгашалар бөлүгү 17590,0 миң сом өлчөмүндө аткарылышы бекитилсин.
2. Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинин: киреше бөлүгү 24120,5 миң сом өлчөмүндө, анын ичинде: салык кирешелеринин көлөмү 22110,5 миң сом, салык эмес кирешелердин көлөмү 2010,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетинин: чыгаша бөлүгү 24120,5 миң сом өлчөмүндө бекитилсин. Анын ичинде:
АУП – 8153,0 миң сом; Жайыт комитетине -485,0 миң сом; ЖКХга-3751,9 миң сом;, Китепканага -70,0 миң сом; Билим берүү тармагына -10655 миң сом; Социалдык жеңилдиктер үчүн -520,0 миң сом бөлүнсүн.
4. Айыл өкмөтүндө биринчи кезекте корголгон статьялар (эмгек акы, соцфонд, тамак-аш, коммуналдык чыгымдар) каржыланып, андан кийин башка чыгымдарды максаттуу каржылоо айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Допоевге милдеттендирилсин.
5. Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы бюджетинин божомолунун киреше-чыгаша бөлүгү 27666,5 миң сом, 2021-жылдагы бюджетинин божомолунун киреше-чыгаша бөлүгү 31185,5 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен Чаек айыл аймагынын 2019-жылдагы бюджетин каржылоого жетишсиз болуп калган: бала бакчалардын жана мектептердин капиталдык оңдоого 3600 миң сом; эмеректерди сатып алууга 1900 миң сом, бюджеттин киреше бөлүгүн аткара албай турган бөлүгү 2241,0 миң сом, бардыгы 7741,0 миң сом өлчөмүндө каражатты кошумча каржылап берүү жагы суралсын.
7. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Алымкуловго жүктөлсүн.
Төрага | З. Бозбалаев |