Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-январы №2
Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетинин салык жана салык эмес кирешелердин чыгашадан ашкан бөлүгүн чыгымдоо жөнүндө
Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетинин салыктар боюнча кирешенин чыгашадан ашкан бөлүгү 1359.8 миң сом жана салык эмес кирешенин (атайын счет) пландалган чыгымдардан ашык 277,9 миң сом, бардыгы 1637,7 миң сом өлчөмүндө каражатын бөлүштүрүү боюнча Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн сунушун, Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутатарынын кезектеги сессиясы угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетинин салыктар боюнча кирешелердин чыгашалардан ашкан 1359,8 миң сом акча каражаты төмөндөгү багыттагы чыгымдарга каржылансын:
1.1. Ар кандай чыгымдар (2215) беренеси боюнча “Жон” СПАСына 150,0 миң сом жана сатып алуулар (2222) беренеси боюнча Ак-Татыр айылындагы трансформаторго аба чубалгыларына 150,0 миң сом баардыгы 300,0 миң сом;
1.2. Ар кандай чыгымдар (2215) беренеси боюнча врачтарга 72,0 миң сом, электр энергияга (2231) беренесине мугалимдерге 117,0 миң сом, баардыгы 189,0 миң сом;
1.3. Имарат жана курулмалар (3111) беренеси боюнча ФОКтун курулушуна 795,8 миң сом;
1.4. Сатып алуулар (2222) беренеси боюнча мектептерге видеокамера орнотууга 75,0 миң сом;
2. Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетинин салык эмес (атайын счет) киреше-чыгашалардан ашкан 277,9 миң сом акча каражаты төмөндөгү багыттагы чыгымдарга каржылансын:
2.1. АУПтун атайын счету боюнча буюм жана товарларды сатып алуу (2222) беренеси боюнча Ак-Татыр айылындагы трансформаторду орнотуу үчүн электр зым тиректерин сатып алууга 55,2 миң сом;
2.2. ЖКЧ ынын атайын счету боюнча буюм жана товарларды сатып алуу (2222) беренеси боюнча Ак-Татыр айылындагы трансформаторду орнотуу үчүн электр зым тиректерин сатып алууга 152,7 миң сом жана ЖКЧга эмеректерди сатып алууга 20,0 миң сом, баардыгы 172,7 миң сом;
2.3. Бала-бакчалардын атайын счету боюнча тамак-ашы (2218) беренеси боюнча Чаектеги бала-бакчаларга 23,0 миң сом, “Беш-терек алтын-балалык” бала-бакчасына 26,9 миң сом, баардыгы 49,9 миң сом;
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттодон өткөрүлүп, chaek-aimak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Алымкуловго жүктөлсүн.
Төрага | З. Бозбалаев |