Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-июну № 19-4
Кеңеш айыл аймагында калкка кызмат көрсөтүүлөргө кошумча катуу таштанды калдыктарын ташып чыгарууну жакшыртууну уюштуруу максатында стратегиялык планына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу маселени угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдыча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 2-пунктунун 5-14-пункутчаларына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагында кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууну уюштуруу стратегиялык планына кошумча катуу таштанды калдыктарын ташып чыгаруу кызматы киргизилсин.
2. Каттуу тиричилик калдыктарын чыгаруу кызматынын тарифтери эсептɵɵ USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун адистери менен биргеликте чыгылсын жана жергиликтүү жарандар менен талкуулоо үчүн Коомдук угуулар ɵткɵрүлсүн;
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык , маданий, билим берүү, миграция жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Матисаков Абдыкалыкка тапшырылсын.
Төрага | Абдибает уулу М |