Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-марты № 1
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 14-декабрындагы I-сессиясынын №2 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Күн тартибиндеги Чаек айыл аймагынын айылдык Кенешинин регламентине өзгөртүү киргизүү максатында, Чаек айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутаттарынын кезектеги сессиясы угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Чаек айыл аймагынын айылдык Кенешинин регламентинин 3-бөлүгүнүн 3,6-бөлүкчөсү өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен бекитилсин.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттодон өткөрүлүп, chaek-aimak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | З. Бозбалаев |