Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-марты № 3
Жазгы талаачылык жумуштарындагы айдап-себүүгө жана оруп жыйноого байланыштуу айыл чарба шаймандарынын кызмат акысын бекитүү жөнүндө
Чаек айыл аймагындагы жазгы талаачылык жумуштарындагы айдап-себүүгө жана оруп жыйноого байланыштуу айыл чарба шаймандарынын кызмат акысын бекитүү максатында, Чаек айыл аймагынын айылдык кенешинин депутаттарынын сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айыл аймагындагы жазгы талаачылык жумуштарындагы айдап-себүүгө жана оруп жыйноого байланыштуу айыл чарба шаймандарынын кызмат акысы төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
№ | Аталышы | Жер аянтты ( га) | сумма | Күйүүчү май (литр) |
1 | Жерди коңторуу | 1 | 1200 | 30 |
2 | Тегиздөө | 1 | 500 | 10 |
3 | Үрөөн себүү | 1 | 500 | 10 |
4 | Чөп чабык | 1 | 1200 | 10 |
5 | Тоютту таңгактоо | 1 | 1300 | 10 |
6 | Тырмоо | 1 | 500 | 10 |
7 | Дан эгиндерин оруу | 1 | 1500 | 30 |
8 | Чалгы менен чабуу | 1 | 800 | 10 |
2. Бул токтомдун аткарылышы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Алымкуловко тапшырылсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттодон өткөрүлүп, chaek-aimak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | З. Бозбалаев |