Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-марты № 4
Чаек жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 26.03.2019-жылдагы элдик жыйынын №3 токтомунун негизинде 2019-жылга түзүлгөн бюджетин, жайыт акы, бада акы жана “фронталдык жүктөгүчтүн” элге кызмат көрсөтүүгө карата түзүлгөн тарифин бекитүү жөнүндө
Чаек жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 26.03.2019-жылдагы элдик жыйынын №3 токтомунун негизинде 2019-жылга түзүлгөн бюджетин, жайыт акы, бада акы жана “фронталдык жүктөгүчтүн” элге кызмат көрсөтүүгө карата түзүлгөн тарифин бекитүү максатында , Чаек айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутаттарынын сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылга түзүлгөн бюджети 485 000 (төрт жүз сексен беш ) миң сом бекитилсин.
2. Чаек жайыт комитетинин 2019-жылга бир жылдык планы бекитилсин.
3. Чаек жайыт комитетинин 2018- 2022-жылга чейинки беш жылдык планы бекитилсин.
4. Жайыт акы бодо малга - 60 сом;
жандыкка - 12 сом;
5. Бада акы бодо малга - 350 сом;
жандыкка - 35 сом;
6. “Фронталдык жүктөгүчтүн” элге кызмат көрсөтүүгө карата түзүлгөн тарифи бекитилсин.
7. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттодон өткөрүлүп, chaek-aimak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Алымкуловко тапшырылсын.
Төрага | З. Бозбалаев |