Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-июну № 19-5
Айыл аймагындагы айыл чарбасына ыңгайсыз иштетилбей бош жаткан жерлерди аныктап тактап, бюджетти көтөрүү максатында ишкерлерге ижарага берүү тууралуу сунушту угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдыча башкаруу жөнүндөгү 2011-жылдын 15-июлундагы № 101-мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 2-пунктунун 5-пункутчасына ылайык Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы айыл чарбасына ыңгайсыз иштетилбей бош жаткан жерлерди аныктап тактап чыгып, бюджетти көтөрүү максатында ишкерлерге ижарага берүүгө уруксат берилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.
Төрага | Абдибает уулу М |