Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-марты № 5
Жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө
“Кыргызмамжердолборлоо” жерге жайгаштыруу институтунун Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18 беренесинин жетектөөсүндө, Чаек айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутаттарынын сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-июнь айынын №88 буйругунун негизинде жумушчу топ тарабынан түзүлгөн “Жер фондусун инвентаризациялоо жөнүндө Актысы” бекитилсин.
2. Бул токтом Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан бекитүүгө сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Алымкуловко тапшырылсын.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттодон өткөрүлүп, chaek-aimak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | З. Бозбалаев |