Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жыл 23-апрели № 2
Чаек айыл аймагында волейбол боюнча турнир өткөрүү жөнүндө
Чаек айыл аймагында волейбол боюнча турнир өткөрүү максатында,Чаек айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутаттарынын сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетинен үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен дарыгерлердин коммуналдык кызматына бөлүнгөн каражаттын эсебинен, Чаек айыл аймагында волейбол боюнча турнир өткөрүү үчүн 36 000 (отуз алты) миң сом бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттодон өткөрүлүп, chaek-aimak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Алымкуловко тапшырылсын.
Төрага | З. Бозбалаев |