Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-июлу № 33/1
2019-жылдын 14-июнундагы Алай районунда ыксыз ыгым чыгымдарды кыскартуу менен каада-салт, урп-адат, ырым-жырымдарды тартипке келтирүү боюнча Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы –аким З.С.Молдокуловдун Алай элине жасаган кайрылуусун турмушка ашыруу жөнүндө
Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбектин билдируусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылдын 14-июнундагы Алай районунда ыксыз ыгым чыгымдарды кыскартуу менен каада-салт, урп-адат, ырым-жырымдарды тартипке келтирүү боюнча Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы –аким З.С.Молдокуловдун Алай элине жасаган кайрылуусу жактырылсын жана аткарылышы камсыздалсын.
2. Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагында ыксыз ыгым чыгымдарды кыскартуу менен каада-салт, урп-адат, ырым-жырымдарды тартипке келтирүү боюнча айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн комиссия курамы ыксыз ыгым чыгымдарды кыскартуу жана тартипке келтирүү боюнча жумуш алып барууну жандандырышсын.
3. Ыксыз ыгым чыгымдарды кыскартуу боюнча айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн комиссиянын курамына айылдык кенештин депутаттарынын баары кошулсун.
4. Ыксыз ыгым чыгымдарды кыскартуу менен каада-салт, урп-адат, ырым-жырымдарды тартипке келтирүү боюнча иш жүргүзүү айылдык кенештин депутаттарына, айыл өкмөтүнүн алдында ар бир айылда түзүлгөн комиссия курамына, айыл башчыларга жана мектеп, бала бакча директорлоруна милдеттендирилсин.
5. Ыксыз чыгымдарды тартипке келтирүү боюнча түзүлгөн комиссия мектеп жана бала бакчаларда өткөрүлүүчү иш чараларды да көзөмөлгө алышсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо ыксыз чыгымдарды кыскартуу менен каада-салт, урп-адат, ырым-жырымдарды тартипке келтирүү боюнча түзүлгөн комиссия курамына, ал эми көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына, өзүмө калтырамын.
Төрага | Жээнбеков Д. |