Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-июлу № 20-1
Айыл өкмөтүнүн башчысынын алты ай ичинде аткарылган жумуштар боюнча берген маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2011-жылдын 15-июлундагы № 101- мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин 2-пунктунун 6-пунктчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн башчысынын алты ай ичинде аткарылган жумуштар боюнча берген маалыматы канаттандырарлык деп табылсын.
2. Шаңкол айылынын тургундарынын, Арбын айылынын тургундары Тайлакова Багданын, Ысаков Абдикаримдин, Кадыров Кыргызбайдын арыздарын карап,чечип берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
3. Шайыр апаларга жана улакчыларга колдоо көрсөтүүнү айыл өкмөтү өз мүмкүнчүлүгүнө жараша чечүүсү милдеттендирилсин.
4. Жакшы иштеген кызаткерлерди, мекеме-уюмдардын жетекчилерин ж.б. алты айлыктын, бир жылдыктын жыйынтыгы менен сыйлоо жагы эске алынсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык , маданий, билим берүү, миграция жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Матисаков Абдыкалыкка тапшырылсын.
Төрага | Абдибает уулу М |