ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кенешинин 6-чакырылышынын 33-отуруму
2019-жылдын 11-июлу № 33/5
Гүлчө айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкеринин отчету жана жөлөк пул чегерүүнүн абалы жөнүндө
Гүлчө айыл өкмөтүнүн соц кызматкери А.Раимкуловдун билдируусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкеринин отчету жана жөлөк пул чегерүү боюнча аткарып жаткан бир топ алгылыктуу иштери эске алынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Жээнбеков Д. |