Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-июлу № 33/7
Гүлчө айылына Жошолу айыл өкмөтүнөн ичүүчү таза суу тартып келүү үчүн акча каражатын топтоо максатында марафон уюштуруу жөнүндө
Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбектин билдируусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылына Жошолу айыл өкмөтүнөн ичүүчү таза суу тартып келүү үчүн акча каражатын топтоо максатында 2019-жылдын 27-июлунда марафон уюштурулсун.
2. Марафондон түшкөн акча каражатын комиссия түзүп мыйзам чегинде жумшоо Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Жээнбеков Д. |