Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-июлу № 33/9
Гүлчө айылынын ички көчөлөрүнө асфальт төшөө үчүн асфальт төшөлө турган көчөлөрдү аныктоо жөнүндө
Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбектин билдируусун угуп, Гүлчө айылынын жамааттарда өткөрүлгөн жыйындардын протоколдоруна ылайык, айыл өкмөтүндөгү ички жолдорго асфальт төшөөнү аныктоо боюнча комиссиянын корутундусунун, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылынын ички көчөлөрү Нарматов көчөсүнүн башынан Борбордук мечитке чейин, Абдиев көчөсү толугу менен, Курманжан Датка көчөсү Маданият үйүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки аралык, Бөкөнбаев көчөсү Курманжан Датка көчөсүнүн кесилишинен Адышев көчөсүнүн кесилишине чейин, Токтогул көчөсү Адышев көчөсүнүн кесилишинен Айсариев көчөсүнүн кесилишине чейин, Сатаров көчөлөрүнө асфальт төшөө боюнча Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсү канааттандырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Жээнбеков Д. |