Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-июлу № 33/10
Гүлчө айыл өкмөтүнүн тургуну Жолдубаев Кушубактын арызынын негизинде Бөкөев көчөсүндөгү №23 үйүнүн жанындагы электр зымдарына тийип жашоого кооптуу болуп калган 3 (үч) даана теректи кыйдыруу жөнүндө
Гүлчө айылдык кенешинин 6-чакырылышынын кезексиз 33-отуруму Гүлчө –Тазалык муниципиалдык ишканасынын жетекчиси Э.Тажиковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн тургуну Жолдубаев Кушубактын арызынын негизинде Бөкөев көчөсүндөгү №23 үйүнүн жанындагы электр зымдарына тийип жашоого кооптуу болуп калган 3 (үч) даана терек кыйдырылсын.
2. Жогорудагы тал-теректерди мыйзам чегинде кыйдыруу Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке жүктөлсүн
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Жээнбеков Д. |