Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-февралы № 2
Кашкар-Кыштак, Мөнөк, Кенжекул жана Жарооз айылдарындагы КБФунун «Көп жылдык бак-дарактар» категориясындагы жерлеринин ижара мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу аукционго коюу үчүн баштапкы бааны жана аукциондук кадамын белгилеп берүү жөнүндө
Депутаттар айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Динбаевдин аукционго үчүн баштапкы бааны жана аукциондук кадамын белгилеп берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыккандан кийин КБфунун жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну камсыз кылуу максатында Кашкар-Кыштак айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагынын карамагындагы КБФунун жерлерин жарандарга ижарага берүүдө:
- Кашкар-Кыштак, Мөнөк жана Кенжекул айылдарындагы бак-дарактар эгилген жерлердин баштапкы баасы гектарына – 5000 (Беш миң) сомдон, кадамы 500 (Беш жүз) сомдон;
- Кашкар-Кыштак, Мөнөк жана Кенжекул айылдарындагы тыт дарактары эгилген жерлердин баштапкы баасы - 1200 (Бир миң эки жүз) сомдон, кадамы 200 (Эки жүз) сомдон;
- Жарооз айылындагы суу чыкпаган бак-дарактар жана тыт эгилген жерлердин баштапкы баасы - 1200 (Бир миң эки жүз) сомдон, кадамы 200 (Эки жүз) сомдон;
- Жарооз айылындагы суу чыккан жерлердин баштапкы баасы – 3000 (/ч миң) сомдон, 350 (/ч жүз элүү) сомдон белгиленсин.
2. Комиссия мүчөлөрүнө – аукцион өткөрүүдө Кыргыз Рсепубликасынын мыйзамдарынын талаптарын так аткаруу менен ачыктыкты жана айкындуулукту камсыз кылышсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Миңбаева |