Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-февралы № 4
Кенжекул айылынын жаңы көчөлөрүнүн бирине наам берүү жөнүндө
Депутаттар айылдык кеңештин катчысы М. Маматалиевдин Кенжекул айылынын жаңы көчөлөрүнүн тургундарынын ошол көчөгө эмгектин ардагери Курбанбаев Токтосундун атын ыйгаруу жөнүндөгү 2016-жылдын 11-октябрында өткөн жалпы чогулуш боюнча билдирүүсүн угуп, бул маселе кеңири талкууланып, алар тарабынан киргизилген сунуштардан кийин, Кашкар-Кыштак айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кенжекул айылынын борбордук көчөсүнүн батыш жагындагы 2-көчөсүнө эмгектин ардагери, Эмгек Кызыл туу орденинин ээси Курбанбаев Токтосундун аты ыйгарылсын.
2. Курбанбаев Токтосун атындагы көчөсүнүн чекаралары Досонов Алишер менен Матраимов Абдилакимдин үйлөрүнөн башталып Маматалиев Төлөгөндүн жана Нышанов Камилдин үйүнөн аяктасын.
3. Көчөнүн башталыш жана аяктаган жерлерине “Курбанбаев Токтосун атындагы көчөсү” деген жазууну жана үйлөрдүн катар номерлерин илүү жагы Курбанбаев Бектөрөнүн өз эсебинен жүргүзүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы (көчөгө жазууларды жана үйлөргө катар номерлерди илдирүү) Кенжекул айылынын айыл башчысы Досонов Адылга милдеттендирилсин.
Төрага | А. Миңбаева |