Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-февралы № 5
Кенжекул айылынын жаңы көчөлөрүнүн бирине наам берүү жөнүндө
Депутаттар айылдык кеңештин катчысы М. Маматалиевдин Кенжекул айылынын жаңы көчөлөрүнүн тургундарынын ошол көчөгө эмгектин ардагери, алдыңкы мугалим Саитов Равшандын атын ыйгаруу жөнүндөгү 2017-жылдын 3-январында өткөн жалпы чогулуш боюнча билдирүүсүн угуп, бул маселе кеңири талкуулангандан кийин, Кашкар-Кыштак айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кенжекул айылынын борбордук көчөсүнүн чыгыш жагындагы 2-көчөсүнө эмгектин ардагери, алдыңкы мугалим Саитов Равшандын аты ыйгарылсын.
2. Саитов Равшан атындагы көчөсүнүн чекаралары Ракыбекова Айым менен Юнусов Ырысбектин үйлөрүнөн башталып Токоев Жыргалбектин жана Маматова Гулмиранын үйлөрүнөн аяктасын.
3. Көчөнүн башталыш жана аяктаган жерлерине “ Саитов Равшан атындагы көчөсү” деген жазууну жана үйлөрдүн катар номерлерин илүү жагы Саитов Равшандын үй бүлөсүнүн өз эсебинен жүргүзүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы (көчөгө жазууларды жана үйлөргө катар номерлерди илдирүү) Кенжекул айылынын айыл башчысы Досонов Адылга милдеттендирилсин.
Төрага | А. Миңбаева |