Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-февралы № 6
Кенжекул айылынын жаңы көчөлөрүнүн бирине наам берүү жөнүндө
Депутаттар айылдык кеңештин катчысы М. Маматалиевдин Кенжекул айылынын жаңы көчөлөрүнүн тургундарынын ошол көчөгө айылдын активисти Жоробаев Кудайбердинин атын ыйгаруу жөнүндөгү 2016-жылдын 12-декабрында өткөн жалпы чогулуш боюнча билдирүүсүн угуп, бул маселе кеңири талкуулангандан кийин, Кашкар-Кыштак айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кенжекул айылынын борбордук көчөсүнүн чыгыш жагындагы 3-көчөсүнө айылдын активисти Жоробаев Кудайбердинин аты ыйгарылсын.
2. Жоробаев Кудайберди атындагы көчөсүнүн чекаралары Исраилов Асан менен Жолоев Акундун үйлөрүнөн башталып Аматов Султандын жана Абсатарова Батманын үйлөрүнөн аяктасын.
3. Көчөнүн башталыш жана аяктаган жерлерине “Жоробаев Кудайберди атындагы көчөсү” деген жазууну жана үйлөрдүн катар номерлерин илүү жагы Жоробаев Санжардын өз эсебинен жүргүзүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы (көчөгө жазууларды жана үйлөргө катар номерлерди илдирүү) Кенжекул айылынын айыл башчысы Досонов Адылга милдеттендирилсин.
Төрага | А. Миңбаева |