Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-февралы № 7
Кашкар-Кыштак айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укук-тарын өткөрүп берүү жөнүндө
Депутаттар Жайыт комитетинин төрагасы Т. Эргешовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыккандан кийин Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамынын 4-беренесинин 2-бөлүмүнө ылайык Кашкар-Кыштак айыл аймагынын жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкаруу -ну камсыз кылуу максатында Кашкар-Кыштак айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашкар-Кыштак айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктары өткөрүлүп берилсин.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы Жайыт комитетине – жайыт жерлерин башкарууну жана пайдаланууну жергиликтүү кеңеш тарабынан расмий бекитилген Жайыттарды башкаруу жана пайдала- нуу боюнча жамааттын көп жылдык жана бир жылдык пландарынын негизин- де гана жүргүзүү милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн пландар өз убагында аткарыл- баса же аларды иш жүзүнө ашырууда одоно кемчилдиктерге жол берилсе, анын ичинен Жайыт комитетинин карамагындагы акча каражаттары максат- сыз жана натыйжасыз пайдаланылса өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктары кайта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына кайтарылып алынары Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы – Жайыт комитетине эскертилсин.
4. Жайыт комитетинин башчысы - Жайыт комитетинин бардык мүчөлөрүнө, жайыт пайдалануучуларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жайыттарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана анын жергиликтүү расмий өкүлчүлүктөрүнө Жайыт пайдалануучулар бирик- месинин Уставына жана бекитилген пландарга ылайык өз убагында толугу менен тийиштүү отчетторду, маалыматтарды берип туруусуна милдеттүү.
5. Жайыт комитетине – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тара- бынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча пландарды өз убагын да жана бекитилген тартипте даярдоодо, макулдашууда, бекитүүдө жана атка- рууда ар тараптуу жардамдар такай көрсөтүлүп туруусу белгиленсин.
6. Жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча аткарыла турган бардык иш чаралар Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйза- мынын негизинде жүргүзүлүүсү каралсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кашкар-Кыштак айыл өкмөтү- нүн башчысы А. Акунбековго жүктөлсүн.
Төрага | А. Миңбаева |