Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-февралы № 10
“Абат айыл” Коммуналдык ишкана-сынын 2017-жылга бюджетин жана штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө
Депутаттар “Абат айыл” коммуналдык ишканасынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыккандан кийин ишкананы натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну камсыз кылуу максатында Кашкар-Кыштак айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Абат айыл» коммуналдык ишканасынын 2017-жылга карата түзүлгөн бюджетинин киреше бөлүгү 800,0 миң сом, ал эми чыгаша бөлүгү 800,0 миң сом жана штаттык бирдиги бекитилсин. Ал эми 2017-жылдын 1-январына карата бош калган 63,2 миң сом акча каражаты каржылануусу каралсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин социалдык-маданий, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, бюджет жана финансы маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Миңбаева |