Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-февралы № 11
Муниципалдык менчикте турган жера янттарын ижарага берүүдө зоналарга бөлүү жөнүндө
Депутаттар айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Динбаевдин жергиликтүү бюджетке кошумча кирешелерди түшүрүү максатында муниципалдык менчикте турган жер аянттарын ижарага берүүдө ижара акылардын көлөмү жана экономикалык пландаштыруу боюнча зоналарга бөлүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Кашкар-Кыштак айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджетке кошумча кирешелерди түшүрүү максатында муниципалдык менчикте турган жер аянттарын ижарага берүүдө ижара акылардын көлөмү жана экономикалык пландаштыруу боюнча зоналарга бөлүү жөнүндөгү А. Динбаевдин сунушу № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Муниципалдык менчикте турган жер аянттарын ижарага берүүдө жогоруда аталган № 1 тиркеме токтомго кол коюлган күндөн баштап жетекчиликке жана колдонууга алынсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин социалдык-маданий, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, бюджет жана финансы маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Миңбаева |
Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчикте турган жер аянттарын ижарага берүү боюнча ижара акыларын көлөмү жана экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасы боюнча айылдык Кеңешинин сессиясына сунуштар
1- зона —айыл өкмөтүнүн имаратынан баштап “Опытное поле” участкасына чейии жана Кара-Суу көчөсүнүн чон жолдун чектеш круговойго чейин , М.Усманов көчөсүнөн Т.Юнусов көчөсүнүн Кенжекул айылына бурулуш жерине чейин кандай түрдө соода болсо да .
2-зона - Кашкар-Кыштак айылынын бардык ички (А.Газиев, Шарк- Хакикати, Ю.Гаипов, Мадинабону ,М.Тургунбаев, Малабаева, К.Султонов, А.Артиков, Ленин, Навои, Уйгурабад, Гулистан, Жумушчу-Дыйкан, А.Шамшидинов, С.Ахмаджанов, Матрозиев, көчөлөрүндө кандай түрдө соода болсо да .
3-зона - Менек , Кенжекул айылдары;
4-зона - Алгабас, Бекжар, Жар-Ооз жана Кайрагач айылдары;
5-зона - “ Чыйырчык” жайлоосу.
Айыл өкмөтүнүн айыл чарба
бөлүмүнүн башчысы; А.Динбаев.