Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-февралы № 12
«Жарооз» СПАсынын 14.02.2017-ж. жалпы чогулушунун протоколун бекитүү жөнүндө
Депутаттар «Жарооз» СПАсынын 2016-жылда аткарган иштери жөнүндөгү отчетун жана 2017-жылга түзүлгөн бюджетин бекитүү жөнүндөгү» 14.02.2017-ж. протоколун угуп жана талкуулап чыгып, Кашкар-Кыштак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Жарооз» СПАсынын 14.02.2017-ж. жалпы чогулушунун протоколу бекитилсин.
2. «Жарооз» СПАсынын башкармалыгына 2016-жылдан калган абоненттерден карыздарды өндүрүү боюнча иштерин күчөтүү, түзүлгөн иш пландын жана сметанын алкагында иш алып баруу жагы милдеттендирилсин..
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин Менчик, бюджет, финансы жана экономикалык өнүгүү боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Миңбаева |