Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-февралы № 13
Жайыт комитетинин 2016-жылга бюджетинин аткарылышы жана 2017-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Депутаттар комитетинин төрагасы Т. Эргешовдун “Жайыт комитетинин 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышы, 2017-жылга бюджетин бекитүү боюнча долбоорун талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 18-беренесинин 7-бөлүмүнүн талаптарына ылайык Кашкар-Кыштак айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышы айрым кемчилдиктерди эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.
2. Жайыт комитетинин 2017-жылга карата түзүлгөн бюджетинин киреше бөлүгү 400,0 миң сом, ал эми чыгаша бөлүгү 400,0 миң сом акча каражаттары бекитилсин.
3. Жайыт комитетинин 2017-жылга бюджетинин киреше бөлүгүг төмөндөгүдөй кирешелерден:
Жарандардын жайытка чыга турган ири мүйүздүү мал, майда мүйүздүү мал жана жылкылары үчүн алына турган саылктардан;
- ири мүйүздүү малга – айына 25 х 5 ай = 125 сомдон,
- майда мүйүздүү малга (кой, эчкилерге) - айына 5 х 5 ай = 25 сомдон,
- жылкыга - айына 25 х 5 ай = 125 сомдон.
Башка айыл өкмөттөрдүн жарандарынын жайытка чыга турган ири мүйүздүү жана майда мүйүздүү малы, жылк
ылары үчүн алынуучу салыктардан;
- ири мүздүү малга – айына 50 х 5 ай = 250 сомдон,
- майда мүйүздүү малга – (кой, эчкилерге) – айына 10 х 5 ай = 50 сомдон,
- жылкыга – 50 х 5 ай = 250 сомдон,
Айыл өкмөтүнө караштуу жайыт жерлерин тосуп алып, мал багуудан башка багыттарда пайдаланган жарандардан алынуучу салыктардан;
- 1 га жер аянтына 1 жылга – 1000 сомдон,
- бал челекке – 25 сомдон,
- жайытка чөп ороко 1 га жер аянтына 250 сомдон.
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт жерлеринде жеке ишкерлик менен алектенген физикалык жактардан алынуучу салыктардан:
- 1 м2 жер аянтына сезонго;
- «Ош-Алай» трассасынын боюнда соода-сатык жүргүзгөндөр;
- жайыт жерлеринин ичинде эс алуу жана саамал ичирүү багытында боз үй тигип, вагон коюп иштеткендер үчүн – 50 сомдон белгиленип, түзүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин социалдык-маданий, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, бюджет жана финансы маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Миңбаева |