Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-майы № 4
Айыл аймагынын калктуу конуштарынын жер аянтарынын шаар куруу иш кагаздарын жана топогеодезиялык сьемкаларын оцифров-калоого акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Депутаттар жер адиси А. Динбаевдин айыл аймагынын 8 айылы (аянты 830 га) боюнча оцифровкалоо иштерин жүргүзүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыккандан кийин Кашкар-Кыштак айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагынын калктуу конуштарынын (8 айыл – 830 га) жер аянтары- нын шаар куруу иш кагаздарын жана топогеодезиялык сьемкаларын оцифров-калоогожергиликтүү бюджеттен 200 000 (Эки жүз миң) сом өлчөмүндө ажыратууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин социалдык-маданий, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, бюджет жана финансы маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Миңбаева |