Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-майы № 5
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2017-жылдын 9-январындагы № 14-02-2/171 катын талкуулоо жөнүндө
Депутаттар ФЭБүнүн башчысы Р. Рахматовдун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2017-жылдын 9-январындагы № 14-02-2/171 катын- да айтылган тапшырмалар жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап чык- кандан кийин жайыттарды эффективдүү пайдалануу боюнча иш чараларды жүргүзүү жана жайыттан түшкөн кирешелердин оптималдуу жумшалышын камсыздоо максатында Кашкар-Кыштак айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2017-жылдын 9-январындагы № 14-02-2/171 каты жетекчиликке жана аткарууга алынсын.
- Айыл өкмөтүнүн ФЭБүнүн башчысы Р. Рахматовго - жайыттан түшкөн кирешелер жергиликтүү бюджеттин 14152200 элементине (Жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн төлөмдөр) чегерилишин;
- жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү бекитилип жатканда жайыт жерлерди пайдалангандыгы үчүн төлөмдөрдүн суммасы да толугу менен каралышын;
- жайытты пайдалануу иш планын аткарууга кеткен жайыттардын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча чыгымдардын сметасын пайдалануу казна системасынын мамлекеттик сатып алуу методу менен аткарылышын катуу көзөмөлгө алсын.
2. Жайыт комитетинин штаттык бирдиги – 4 (Төрт) адам деп белиленсин жана 2017-жылга киреше жана чыгаша бөлүктөрү №1, №2-тиркемелерге ылайык белгиленсин.
3. Жайыт жерлерин эффективдүү пайдалануу жана анын инфраструктурасын жакшыртуу максатында “АРИС” программасынын алкагында даярдалган проекттин суммасынан 1700,0 миң сом өлчөмүндө -
– погрузчик (кубаттуулугу 3,5 м3) – 1 даана,
- КАМАЗ-самосвал - 1 даана сатып алуу үчүн айыл өкмөтүнүн өздүк салымына жергиликтүү бюджеттин кошумча киреше булактарынан ажыратууга макулдук берилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин социалдык-маданий, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, бюджет жана финансы маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Миңбаева |