Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-майы № 7
Балдар бакчасы үчүн Бекжар айылынан жер тилкесин сатып алууга акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Депутаттар айыл өкмөтүнүн ФЭБүнүн башчысы Р. Рахматовдун балдар бакчасын ачуу үчүн Бекжар айылынан жер тилкесин сатып алуу жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, айыл жергесинде балдар бакчасына болгон муктаждыктарды камсыздоо максатында Кашкар-Кыштак айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекжар айылынан 2000 (Эки миң) м2 жер тилкесин балдар бакчасын куруу үчүн муниципалдык менчикке сатып алууга макулдук берилсин.
2. Бекжар айылында балдар бакчасын ачуу үчүн жер тилкесин сатып алууга 200 000 (Эки жүз миң) сом акча каражаты ажыратылсын.
3. Сатып алынган жер тилкесин айыл өкмөтүнүн карамагына алуу, мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин социалдык-маданий, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, бюджет жана финансы маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Миңбаева |