Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-майы № 13
Кенжекул айылынын көчөлөрүнүн бирине наам берүү жөнүндө
Депутаттар айылдык кеңештин катчысы М. Маматалиевдин Кенжекул айылынын жаңы көчөлөрүнүн тургундарынын ошол көчөгө согуштун жана эмгектин ардагери Душаев Саминин атын ыйгаруу жөнүндөгү 2017-жылдын 15-февралында өткөн жалпы чогулуш боюнча билдирүүсүн угуп, бул маселе кеңири талкуулангандан кийин, Кашкар-Кыштак айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кенжекул айылынын борбордук көчөсүнүн уландысы болуп эсептелген батыш жакка карап кеткен көчөсүнө согуштун жана эмгектин ардагери Душаев Саминин аты ыйгарылсын.
2. Душаев Сами атындагы көчөсүнүн чекаралары борбордук көчөдө жайгашкан клубдан башталып айылдын батыш тарабындагы эң акыркы Ж. Нурдинов көчөсүнүн чекарасынан (Тогонов Акбардын үйүнөн) аяктасын.
3. Көчөнүн башталыш жана аяктаган жерлерине “Душаев Сами атындагы көчөсү” деген жазууну жана үйлөрдүн катар номерлерин илүү, көчөнү оңдоо жана иретке келтирүү жагы Душаев Салимжандин өз эсебинен жүргүзүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы (көчөгө жазууларды жана үйлөргө катар номерлерди илдирүү) Кенжекул айылынын айыл башчысы Досонов Адылга милдеттендирилсин.
Төрага | А. Миңбаева |