Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-майы № 14
Кашкар-Кыштак айылынын жаңы чектеринин жашоочуларынын кайрылуусун кароо жөнүндө
Депутаттар айылдык кеңештин катчысы М. Маматалиевдин Кашкар-Кыштак айылынын жаңы көчөлөрүнүн тургундарынын ошол көчөгө трансформатор коюуга акчалай жардам сураган кайрылуусу жөнүндөгү билдирүүсүн угуп, бул маселе кеңири талкуулангандан кийин, Кашкар-Кыштак айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджетте акча каражаттары тартыш болгондугуна байланыштуу Кашкар-Кыштак айылынын жаңы көчөлөрүнүн тургундарынын кайрылуусу канааттандырылбасын.
2. Токтомдун көчүрмөсү тургундарга таанышуу үчүн жөнөтүлсүн.
Төрага | А. Миңбаева |