Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-июлу № 1
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жөнүндө
Депутаттар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 14-июнундагы «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндөгү» № 1681 – VI токтомун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-июлундагы № 271-б буйругун ишке ашыруу боюнча Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 112-июлундагы № 120-б буйругун ишке ашыруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 14-июнундагы «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндөгү» № 1681 – VI токтомун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-июлундагы № 271-б буйругун ишке ашыруу боюнча Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 112-июлундагы № 120-б буйруктары жетекчиликке алынсын;
2. Айыл өкмөтүнө - Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө тийиштүү шайлоо комиссияларына шКыргыз Республикасынын Президентин шайлоочулардын тизмесин тариздөө,
тактоо жана түзүү, уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечсин;
-Уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү үчүн аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча штабдарды түзсүн;
-шайлоо комиссиялары үчүн жайларды бөлүүгө, аларды автотранспорттук жна материалдык-техникалык каражаттар, байланыш каражаттары менен камсыздоого байланышкан маселелерди чечсин;
- үгүт материалдарын орнотуу үчүн атайын орундарды бөлүп берсин жана аларды жайгаштыруу үчүн бирдей шарттарды камсыздасын;
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Миңбаева |