Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-июлу № 2
Турак-жай жана коммуналдык кызматтардын 70629 разделиндеги чыгашалар жөнүндө
Депутаттар айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Р. Рахматовдун жергиликтүү бюджеттин «Турак-жай жана коммуналдык кызматтардын 70629 разделиндеги чыгашалар жөнүндөгү» маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу жана максатту пайдаланууну камсыз кылуу максатында,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттин “Турак-жай жана коммуналдык кызматтардын 70629 разделиндеги” чыгашалар боюнча маалымат жактырылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин менчик, бюджет, финансы жана экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Миңбаева |