Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-июлу № 3
Айыл өкмөтүнүн салымы жөнүндө
Депутаттар айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Р. Рахматовдун “Мөнөк айылындагы А. Эшматов атындагы № 82 орто мектебинин ашканасын оңдоп-түзөө иштерине айыл өкмөтүнүн салымы жөнүндөгү” маалыматын угуп жана талкуулап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Эшматов атындагы № 82 орто мектебинин башталгыч класстарынын окуучуларын ысык тамак менен камсыздоо макастында Бүткүл дүйнөлүк “Азык түлүк” программасынын “Билим үчүн азык-түлүк” долбооруна аталган мектеп өткөндүгүнө байланыштуу ал мектептин ашканасын оңдоп-түзөө иштерине өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттин 192 000 (Бир жүз токсон эки миң) сом өлчөмүндө кошумча кирешелеринин эсебинен ажыратууга макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн ФЭБүнө – жогоруда көрсөтүлгөн сумманы жергиликтүү бюджеттин кошумча булактарынан издеп таап, төлөп берүүнү камсыз кылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин менчик, бюджет, финансы жана экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Миңбаева |