Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-июлу № 4
Мөнөк айылынын жалпы элдик жыйынынын протоколун бекитүү жөнүндө
Депутаттар айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы М. Маматалдиевдин “Мөнөк айылынын тургундарынын айылдагы спорт аянтына эмгектин жана спорттун ардагери Раев Абдразактын наамын ыйгаруу жөнүндөгү протоколу” боюнча маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кашкар-Кыштак айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мөнөк айылынын жалпы элдик жыйынынын “Мөнөк айылындагы спорт аянтына (спорт сарайына) эмгектин жана спорттун ардагери, маркум Раев Абдразактын наамын ыйгаруу жөнүндөгү” протоколу бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Миңбаева |