Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-июлу № 5
Кайрагач айылына мүрзө үчүн жер аянтын ажыратуу жөнүндө
Депутаттар айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Динбаевдин Кайрагач айылынын элинин суроо-талаптарын аткаруу максатында айылга мүрзө ачуу үчүн жер аянтын ажыратуу жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап чыгып Кашкар-Кыштак айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайрагач айылындагы № 734 контурунда жайгашкан жайыт жерлеринен 2,0 га жер аянты мүрзө ачуу үчүн ажыратууга макулдук берилсин.
2. Мүрзө ачуу үчүн тиешелүү болгон баштапкы иш кагаздарын даярдап, райондук архитектура жана кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыктарынан иш кагаздарын алуу жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Динбаевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Миңбаева |