Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-июлу № 6
“Кыргыз почтасы” Мамлекеттик ишканасына бөлмөлөрдү өткөрүп берүү жөнүндө
Депутаттар айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы М. Маматалдиев “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын Кара-Суу райондук филиалынын жетекчиси Т. М. Баетовдун айыл аймагынын айылдарындагы почта байланыш бөлүмү жайгашкан, бирок айыл өкмөтүнүн балансында турган бөлмөлөрдү “Кыргыз почтасына” өткөрүп берүү жөнүндөгү жазган каты менен тааныштырып, бул маселе КР П-М 2016-жылдын 10-декабрындагы кеңешмесинде каралгандыгы боюнча кийин маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, КР “Байланыш жөнүндөгү” мыйзамынын 21-беренесинин 3-абзацына ылайык Кашкар-Кыштак айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн (Мөнөк айылдык маданият үйүнүн ичинде жайгашкан, негизги имараттын ажырагыс бөлүгү болгон почта байланыш бөлүмү жайгашкан бөлмөдөн тышкары) балансында өзүнчө бөлөк турган почта байланыш бөлүмү жайгашкан имараттарды “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын балансына өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун көчүрмөсү “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын Кара-Суу райондук филиалына маалымат үчүн берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Миңбаева |