Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-июлу № 8
Кашкар-Кыштак айылынын тургуну Мирзаева Умитхандын арызын кароо жөнүндө
Депутаттар айылдык кеңештин катчысы М. Маматалиевдин Кашкар-Кыштак айылынын тургуну Мирзаева Умиданын Улуу Ата Мекендик согушта Украинада курман болгон бир тууган агасынын сөөгү коюлган жерге барып келүү үчүн материалдык жардам сурап жазган арызы менен тааныштыргандан кийин, арызды талкуулап чыгып, Кашкар-Кыштак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашкар-Кыштак айылынын тургуну Мирзаева Умитхандын арызы канааттандырылып, жергиликтүү бюджеттен 10 000 (Он миң) сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлсүн.
2. Айыл өкмөтүнүн ФЭБүнө (Рахматов Р) – материалдык жардамды өз убагында төлөп берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Миңбаева |