Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-октябры № 3
Жергиликтүү бюджеттен айыл аймагынын А.Навои жана А.Эшматов атындагы орто мектептерине терезелерин алмаштыруу боюнча түрткү берүүчү грантка өздүк салымды кошуу жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн Финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Р.Рахматовдун аймактагы Мөнөк айылынын А.Эшматов атындагы орто мектебинин терезелерин түрткү берүүчү гранттан сметалык баасы 3 400,0 миң сом, өздүк салым үчүн 20 пайызы 680,0 миң сом, ал эми А.Навои атындагы орто мектебинин терезелерин түрткү берүүчү гранттан сметалык баасы 3 600,0 миң сом, өздүк салым үчүн 20 пайызы 720,0 миң сом, жалпы 1 400,0 миң сом 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинен өздүк салымы үчүн акча каражатын ажыратып берүү боюнча сунушун айылдык кеңештин депутаттары кеңири талкуулап чыгып, айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы Мөнөк айылындагы А.Эшматов орто мектебинин жана Кашкар-Кыштак айылындагы А.Навои орто мектебинин эски жыгач терезелерин жаңы пластик терезелерине алмаштыруу үчүн түрткү берүүчү гранттын эсебинен жалпы 7 000,0 миң сом бөлүнүүчү акчанын 20 пайызы өздүк салым үчүн 1 400,0 миң сом акча каражаты 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын бөлүп берүү боюнча тиешелүү иш кагаздарын даярдоо айыл өкмөтүнүн Финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Р.Рахматовго тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин социалдык-маданий, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, бюджет жана финансы маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Миңбаева |