Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-декабры № 3
Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн балансындагы кызматтык жеңил унаасын “Абат айыл” муниципалдык ишканасынын балансына өткөрүп берүү жана айыл өкмөтүнө башка кызматтык жеңил унаасын сатып алуу жөнүндө
Депутаттар Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Рахматов Рахматилланин айыл өкмөтүнүн кызматтык унаасын “Абат айыл” муниципалдык ишканасына өткөрүп берип, анын ордуна башка кызматтык машина сатып алуу жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кашкар-Кыштак айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн балансындагы кызматтык жеңил унаасын (катталган № 4008 ОА, жеке № 311050400226644,
модели “ГАЗ31105-120”, түрү “легковой”, “5 мест”,
чыгарылган жылы 2004-ж, түсү “Циклон синий”,
кузовдун № 31105040025544, кыймылдаткычтын № 43105199,
кыймылдаткычтын кубаттуулугу, KW 110,00,
кыймылдаткычтын иш көлөмү, см3 2445 Б) “Абат айыл” муниципалдык
ишканасынын балансына өткөрүп берүүгө жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен башка кызматтык жеңил унаасын сатып алууга макулдук берилсин.
2. Кызматтык жеңил унаасын өткөрүп берүү боюнча тиешелүү иш кагаздарын даярдап, өткөрүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБмүнүн башчысы Р. Рахматовго тапшырылсын.
Төрага | А. Миңбаева |