Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-февралы № 2
Жайыт комитетинин 2017-жылга бюджетинин аткарылышы жана 2018-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Депутаттар Жайыт комитетинин төрагасы Э.Чолпонбаевдин «Жайыт комитетинин 2017-жылдагы бюджетинин аткарылышы, 2018-жылга бюджетин бекитүү боюнча долбоорун талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин» 18-беренесинин 7-бөлүмүнүн талаптарына ылайык Кашкар-Кыштак айылдык кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин 2017-жылдагы бюджетинин аткарылышы айрым кемчилдиктерди эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.
2. Жайыт комитетинин 2018-жылга карата түзүлгөн бюджетинин киреше бөлүгү 400,0 миң сом, анын ичинен ижара акысы 340,0 миң сом, жер салыгы 60,0 миң сом, ал эми чыгаша бөлүгү 400,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
3. Жайыт комитетинин 2018-жылга бюджетинин киреше бөлүгү төмөндөгүдөй кирешелерден ;
Жарандардын жайытка чыга турган ири мүйүздүү мал, майда мүйүздүү мал жана жылкылары үчүн алына турган салыктардан ;
- ири мүйүздүү малга – айына 30 х 5 ай = 150 сомдон,
- майда мүйүздүү малга( кой, эчкилерге) – айына 6 х 5 ай = 30 сомдон,
- жылкыга - айына 30 х 5 ай = 150 сомдон,
Башка айыл өкмөттөрдүн жарандарынын жайытка чыга турган ири мүйүздүү жана майда мүйүздүү малы, жылкылары үчүн алынуучу салыктардан ;
- ири мүйүздүү малга – айына 60 х 5 ай = 300 сомдон,
- майда мүйүздүү малга (кой-эчкилерге) – айына 12 х 5 ай = 60 сомдон,
- жылкыга – айына 60 х 5 ай = 300 сомдон,
Айыл өкмөтүнө караштуу жайыт жерлерин тосуп алып, мал багуудан башка багыттарда пайдаланган жарандардан алынуучу салыктардан,
- 1 га жер аянтына 1 жылга - 1000 сомдон,
- Бал челекке – 30 сомдон,
- Жайытка чөп ороко 1 га жер аянтына 400 сомдон.
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт жерлеринде жеке ишкерлик менен алектенген физикалык жактардан алынуучу салыктардан ;
- 1 м2 жер аянтына сезонго :
- «Ош-Алай» трассасынын боюнда соода-сатык жүргүзгөндөр;
- жайыт жерлеринин ичинде эс алуу жана саамал ичирүү багытында боз үй тигип, вагон коюп иштеткендер үчүн – 50 сомдон белгиленип, түзүлсүн.
4. 2018-жылдын 1-январына карата бош калган акча каражаттары 198 300 сом жана чыгашалары менен 198 300 сом өлчөмүндө бекитилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Миңбаева |