Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-февралы № 4
Жыл башында бош калган акча каражатын бекитүү жөнүндө
Кашкар-Кыштак айыл аймагынын 2017-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүндөгү 2018-жылдын башында бош калган акча каражатын бекитүү боюнча Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн ФЭБүнүн башчысы Рахматов Рахматилла билдирүү жасап, айылдык кеңештин талкуусуна коюп, бул маселе кеңири талкууланып, Кашкар-Кыштак айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-январына карата бош калган акча каражаттары 2384,1 миң сом жана чыгашалары менен 2384,1 миң сом өлчөмүндө бекитилсин. Ал эми 2018-жылдын 1-январына карата бош калган 2384,1 миң сом акча каражаты № 1 тиркемеге ылайык айыл өкмөтүнүн эмгек акыдан калган 133,7 миң сом, соцфондго чегерүү 82,2 миң сом, турак-жай жана коммуналдык кызматтарына жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү» мыйзамынын 31-беренесиинин 6-10-бөлүмдөрүнүн негизинде социалдык-тиричилик маселелерин чечүү үчүн коммуналдык каражаттарына каржылануусуна каралсын.
2. Айыл өкмөтүнүн атайын каражаттары 2018-жылдын 1-январына карата бош калган акча каражаттары 2762,2 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Балдар бакчаларынын тамак-аш азыктарын алуу статьясына 762,2 миң сом акча каражаты бекитилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык-маданий, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Миңбаева |